Түркиянын Президенти Тайип Эрдоган, Түркиядагы пандемиянын эң оор мезгили бүттү деди жана коронавируска каршы катуу чектөө чаралары колдонулбай калат деген үмүтүн билдирди.

Буга чейин, Эрдоган пандемия башталгандан бери өлкөдөгү эң узак локдаун- коронавирус оорусунун көбөйүшүнө байланыштуу 29-апрелде саат 19: 00дөн 17-майга чейин саат 17: 00гө чейин жарыялаган.

Ички иштер министрлигинен башка, ушул мезгилге чейин бардык уюмдар жана мекемелер өз ишин токтотту.

«Биз баарынын чыдамы кетип турганын билебиз. Кабыл алынган чаралар менен локдаундун натыйжасынан улам пандемияны кайрадан көзөмөлдөй алдык. Биз эң кыйын абалдан өттүк, эми мындай катаал чаралар башка жолу киргизилбейт деп ишенем. Бирок баары өзүбүзгө байланыштуу болот. Эл тиешелүү чараларды тоготпой койбошу керек», — деген Эрдоган бүгүнкү телекайрылуусунда.

Анын айтымында, 1-июндан тарта чектөө чараларын жеңилдетүү башталат, жакынкы аралыкта коомчулукка жарыяланат.

Мурда Түркиянын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, чектөө чаралары акырындык менен алынып салынат. 1-июнга чейин күн сайын кечки саат 9: 00дөн таңкы 5: 00гө чейин коменданттык саат, ишемби жана жекшемби күндөрү 24 саат бою коменданттык саат орнотулган.