Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Дүйшөмбү шаарында өтө турган ЖККУнун министрлер кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын 19-майда өтөт. Анда тышкы саясий мекемелердин башчылары актуалдуу эл аралык маселелер, регионалдык кырдаалдын абалын жана өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу талкуулашат. Ошону менен катар эле ЖККУнун алкагында тышкы саясатты координациялоону күчөтүү боюнча пикир алышуу болот.