Акыркы суткада коронавирус илдети 234 адамдан аныкталып, 7 бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 112
Ош шаары — 3;
Чүй облусу — 81;
Ысык-Көл облусу — 25;
Ош облусу — 6;
Талас облусу — 1;
Нарын облусу — 2;
Жалал-Абад облусу — 1;
Баткен облусу – 3 адамдан илдет аныкталды.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен 7 адам каза болду. Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда экөө катталды. Өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 1718.