Кыргызстандын Министрлер кабинети Баткендеги инфраструктураны жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн Кытайдан жардам сурады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 17-майда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукту.

Бакашова Баткен облусунун чектеш айылдарында жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берип, кытай тарапка кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын натыйжасында жабыркаган калкка көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ошондой эле кытай тарапка кайрылып, Баткен облусундагы инфраструктураны жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү суранды. Кытай элчиси Ду Дэвэнь Кытай тарап Министрлер кабинетинин сунуштарын карап чыгарын белгиледи», -деп айтылат маалыматта.