Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалганы тууралуу Президенттик Аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык:

Султанбаев Эрбол Абдыкадырович – Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Ошол эле учурда, Байтерек Галина Жумабековна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.