Бүгүн, 18-май күнү  Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Даңк мемориалынын алдында ыкчам-жетекчилик курамы чогулуп, мекенинин тынчылыгы үчүн өмүрлөрүн кыйышкан кесиптештеринин жаркын элестерин эскеришти. Ысык-Көл облусу 1970-жылы кайрадан түзүлгөндөн баштап, облустун милициясы өзүнүн катарынан 18 кызматкерди жоготууга душар болушту. Алар элдин коопсуздугун сактоо кызматында болушуп, өз милдеттерин аткарууда каза болушкан.

Бүгүнкү күндө, облусубуздун аймагында кызмат учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин 17 үй-бүлөөсү саналууда жана анда 14 жаш өспүрүмдөр тарбияланууда.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаев, бул күн кайгылуу, ошол эле учурда салтанаттуу күндөрдүн бири экенин белгиледи. «Бүгүн биз жарандарыбызды коргоп жатып, куралдуу кылмышкерлердин колунан курман болгон кесиптештерибиздин жаркын элесине таазим көрсөтүп жатабыз. Бул салтыбыз бир нече жылдан бери уланып келе жатат жана улана бермекчи. Облустун тургундары өз милдетин татыктуу аткарган баатырлары менен ар дайым сыймыктанып келет», — деп баса белгиледи ал.

Иш-чарада сөз алып сүйлөшкөндөр, милиция кызматы ар дайым өмүрүнө коркунуч келтирген кызмат экенин белгилешип, өздөрүнүн эл алдында берген антынын өтөөсүнө чыгышып, элибиздин бейкуттугун сактоодо кара жанын канжыгага байлашып, элдин ишенимин актап, кызмат учурунда каза болгон кесиптештеринин эрдиги ар бир милиция кызматкери үчүн жогорку үлгү, мекендештерибиз үчүн айтып бүткүс дастан болуп каларын белгилешти.

Кызмат учурунда каза болгон кесиптештерибиздин ысымдары түбөлүккө сакталган Даңк мемориалынын алдына гүлчамбарлар жана гүлдөр коюлгандан кийин, алардын жаркын элестерин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти. Ушундай иш-чаралар, Ысык-Көл облусунун бардык шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө дагы өткөрүлдү.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы