29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалдан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине, бүгүн 18-майга карата 82млн 604 миң 500 сом каражат топтолду. Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы өкүлчүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, топтолгон каражат куралдуу жаңжалдан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жабыркаган элдин зарыл болгон муктаждыктарын чечүүгө жумшалат.

“Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине Кыргызстандын бардык облустары, район-шаар, айыл аймактар, ири өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары, коомдук уюмдар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер колдоо көрсөтүүдө.

Ошондой эле өлкө аймагындагы жүздөгөн мекеме иш каналар бир күндүк маяналарын которушса, катардагы жарандар, жеке ишкерлер да четте карап турган жок”,-дейт маалымат кызматынан.