2021-жылдын январь-март айларында Социалдык фонд тарабынан 20 миң 259 жаранга пенсия дайындалып чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинде 2021-жылы апрель айында 5 714 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 184 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелди.