Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы К.Н.га козголгон кылмыш ишинин алкагында, 59,5 млрд сом өлчөмүндө акча каражатын өлкөдөн чыгарып кетүүгө шектелип, Х.К.Л. жана У.И.Ш. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Х.К.Л. жана У.И.Ш. Кытайга чет өлкөлүк компаниялардын эсептерине мыйзамсыз которуу максатында банк мекемелерине акча каражаттарын чогултуп бергени аныкталды.

Азыркы учурда аталган коррупциялык схеманын уюштуруучуларын жана башка адамдардын катышы бар экенин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары бул кылмыш ишинин алкагында ишке шериктеш 1973-жылы туулган Жолдошбаев Бахтияр Сатышевичти издөө улантылууда.