КР ӨКМнин Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Лейлек районунун Максат айылына 25 чатыр тигилип берилди. Бул тууралуу  Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Ал эми Кызыл-Ай коому тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айылына 16 көчмө үй, 8 чатыр, Ак-Сай айылына 8 көчмө үй, 8 чатыр, Достук айылына 10 чатыр берилип, ӨКМнин Баткен аймактык башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан тигилип берилди.

Белгилей кетсек чек арадагы куралдуу жаңжалдан, облуста жалпы 136 үй жараксыз абалга келген. Анын 93 Лейлек районунда, 43 Баткен районунда.