4-майда Бишкектин Осмонкул көчөсүндөгү жеке турак үйлөрдүн биринде 1,5 жашар бала ажатканага түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жерине келген куткаруучулар шайманы жок ажатканага түшүп баланы алып чыгышкан. Бала тирүү калган.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы эки куткаруучуга ыраазычылык айтып, сыйлоо баракчасын тапшырды.