Россиянын Президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 19-майда биргелешкен атомдук долбоордун курулушун баштоо аземине видео байланыш аркылуу катышышат, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньин.

Кремль Тяньвань атомдук электр станциясында жана Сйюдапу атомдук станциясында орусиялык долбоордогу жаңы энергоблокторду куруу жөнүндө сөз болуп жаткандыгын тактады.

Москва менен Пекин атомдук өнөр жайында көптөн бери кызматташып келишет. Россиянын катышуусу менен Кытайда Тяньвань АЭСинин төрт энергоблогу жана CEFR демонстрациялык атомдук реактору курулган. Ошондой эле Тянвань АЭСинде дагы эки, Сйюдапуда дагы эки блокту куруу күтүлүүдө.

Тянвань АЭСи орус-кытай экономикалык кызматташтыгынын ири объектиси болуп саналат. Биринчи жана экинчи блоктор 2007-жылы, үчүнчү блок 2017-жылы, төртүнчү блок 2020-жылы ишке киргизилген. Азыр тараптар дагы экөөнүн курулушун баштоого даярданып жатышат. Россия аталган станциянын ядролук аралын долбоорлоо менен алектенет, ошондой эле негизги жабдууларды жеткирет.