Ош шаарында акыркы коӊгуроого карата кортежге чыккан кымбат баалуу унаалардын жана кичи автобустардын айдоочуларына окуучулардан буйрутма албоо сунушталды. Бул тууралуу Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Жакында 25-май, бул күнү Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 11-класстын окуучулары мектепти аяктап, акыркы коӊгуроо кечесин өткөрүүнү пландашат. Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызмат бөлүмү учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Маршруттук каттамдардын жана буйрутма алып жүргүнчү ташыган айдоочуларга, мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан буйрутма албоолору сунушталып, эгерде алар тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, мыйзам чегинде чаралары көрүлөөрү эскертилди», — деп жазылат маалыматта.