Бишкектеги мектептерде акыркы коңгуроону кадимки форматта өткөрүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык, мектеп окуучулары үчүн иш-чаралар онлайн режиминде өткөрүлүшү керек. «Биз оффлайн режимин талап кылабыз. Балдар ансыз деле мектепке барып, бири-бири менен пикир алышып турушат. Акыркы коңгуроого тыюу салуунун маанисин көрө албай жатабыз. Ал эми алгоритмдерди жана бардык санитардык-эпидемиологиялык стандарттардын сакталышын эске алуу менен, жоопкерчиликти мойнубузга алып, борбор калаадагы мектептерде иш-чара өткөрүүгө даярбыз ”, — деди Виктория Мозгачева.

Тактап айтканда, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн топторго бөлүү сунушталууда; иш-чара өткөн жерди желдетүү жана аймактарды дезинфекциялоо үчүн топтордун ортосунда убакыт калат.

Адатта Акыркы коңгуроо сыртта — мектептин короолорунда жана балдар ойноочу аянтчаларда өткөрүлүп келген. Акыркы коңгуроону өткөрүүгө, биринчи класстын окуучулары тартылбайт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн акыркы коңгуроо кагылабы? Бул суроо дагы эле ачык бойдон калдууда. Мэрия бүгүн акыркы алгоритмди иштеп чыгат.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарында жалпысынан 97 мектеп иштейт.