«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкелери борборубуздун көрктөндүрүү иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө шаарда 600 миңден ашык көчөт отургузулган, алардын ичинде агератум, бегония менен сальвиянын бир нече түрлөрү жана ошондой эле георгина  бар.

Белгилей кетсек, бир жылдык гүлдөрдүн башкы артыкчылыгы жай бою гүлдөп турушат.

Быйыл борбор калаадагы гүлзарларда 1,5 миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр гүл ачат. Борбор калаада май айынан баштап гүлдөрдүн ачык түстөрүнүн гүлдөшү башталган, жайдын башында шаарда 32 түр гүл шаарга көрк кошоору күтүлүүдө.