Насирдин Исановдун жубайы Зина эже:

– Жолдошумдун каза болгонуна 17 жыл болгондон кийин, биринчи жолу быйыл окуя болгон жерге бардым. Биринчи жолу жергиликтүү тургундардан Насирдиндин өмүрүн алган каргашалуу окуя “жол кырсыгы” болбогонун уктум. Алардын арасынан улгайган аял көзүнө жаш алып, чындыкты айтып, окуя болгондон тартып үч жыл кысым көргөнүн, окуя тууралуу үн катпоого мажбурланып келгенин айтты. Бул каргашанын дагы бир күмөндүү жери – Насирдиндин жанында болгон Ч.Айтматовдун уулу Санжар жол кырсыгынан кийин Бишкекке кайтпастан, Андижан, Ташкент аркылуу Москвага чыгып кеткени жана ушул күнгө чейин мени менен бет келгенден качып жүргөнү күмөн жаратат…

17 жылдан бери окуя баштан-аяк чоң табышмак бойдон калууда. Эмнеге жолго чогуу чыккан төрт кишинин кырсыктан эч кандай жараат албай, эч жери чийилбей, жалгыз эле Насирдин каза болуп калган? Ал күндү баары эбак унутуп койгон, бирок мен “Ким, кантип өлтүрдү?” деген суроо менен жашап келем.

Менин билишимче, Насирдин менен Бирнштейн арткы орундукта, алдыда айдоочу жана жан сакчы отурган. Мага жеткен маалыматтар боюнча, эч кандай жүк ташуучу унаа менен кагылышуу болгон эмес, алдын ала ойлоп табылган “сценарий” боюнча Насирдинди отурган жеринен арт жактан муунтуп өлтүрүшкөн. Мен бул версияны четке кага албайм, анткени менин божомолдорум менен даана дал келип жатат.

Насирдинди жерге берээр алдында анын моюнунан кулактарына чейин тактар болгон. Мен көрөөр замат “Эмне кылдыңар?” деп кыйкырып баштаганда, мени аялдар сыртка алып чыгып кетишкен.

Кыргызстанга ал компанияны ким таап келгенин билбейм, менин оюмда Санжар Айтматов алып келсе керек, себеби, ошол убакта Санжар биздин үйгө байма-бай каттап калган. Күнү-түнү тел чалып, балдарыбыз менен таанышып… Ал эми Насирдин каза болгондон кийин бир да жолу келбеди.

Атасына болгон урматымдан үн катпай койсом болот эле, бирок Насирдиндин арбагы үчүн унчукпай кое албадым – Санжар Насирдинди айланчыктап эле калган…

Акаевдер жөнүндө:

Ал кездеги ажо Акаевдин үй-бүлөсү менен тыгыз катташчуубуз, айына эки-үч жолу дасторкон үстүндө жолугуп тураар элек. Бир күнү, адаттагыдай эле Аскар Акаев жубайы Майрам менен бизге конокко келишти. Чай үстүндө Насирдин менен Аскар Акаев маанилүү саясий окуяны талкуулап жатышкан. Мен тамак даярдап жүрүп, сүйлөшүүлөрүнө көп маани берген эмесмин, болгону Насирдин Майрам Акаевага: “Сиз бизди коюп, өз иштериңиз менен алектенсеңиз болмок!” дегенин угуп калдым. Майрам дароо Аскар Акаевге “Тур, кеттик!” деди. Акаев жумшак киши эле, үн катпай Майрамдын артынан жөнөдү. Насирдин жинденген бойдон отуруп калган. Майрамдын ошол кездеги жоругун эч унута албайм, Насирдиндин каза болгонуна үч күн өтпөй туруп бизди резиденциядан чыгарып жиберген, биротоло жашап алат деп ойлосо керек го…

Булак: “Агым” гезити, 2007-ж.