1. Кара зиренин жанчылган уругун балга аралаштырып колдонуу аркылуу өттөгү жана бөйрөктөгү ташты эритүүгө болот.
2. Кара зире ишке болгон жөндөмдүүлүктү жана жашоо тонусун
жогорулатат.
3. Карындагы жана ашказандагы мите курттарды өлтүрөт.
4. Суук тийгенде жана ревматизм оорусуна чалдыкканда, кара зиренин маңызынан башка компресс жасаса болот.
5. Какырык чыгып жаткан мезгилде кара зирени лимондун ширесине аралаштырып кабыл алуу зарыл (ага бир аз бал же даамына жараша шекер кошуп алса да болот).
6. Кара зиренин түтүнү чиркейлерди ж. б. курт-кумурскаларды кубалайт.
7. Кара зирени жаңыдан пайда болуп келаткан меңге басса, аны орду-түбү менен жок кылат. Ошондой эле, ал канды да тазалайт.
8. Ала оорусуна чалдыккандар дагы кара зиренин пастасына уксус кошуп, ооруган жерине басса болот.
9. Теринин абалы начарлаганда, кара зирени майга кошуп үзгүлтүксүз колдонуу зарыл.
10. Кара зирени колдонуу жиликтин чучугу иштелип чыгышын жана иммундук системанын жашоо үчүн маанилүү болгон клеткаларынын иштелип чыгуусун жөнгө салат. Муну Түштүк Калифорниядагы Рак-иммундук-биологиялык лабораториянын
изилдөөчүлөрү расмий түрдө далилдешкен.
11. Кара зире рак шишигин дарылоочу жана алдын алуучу идеалдуу өсүмдүк болуп эсептелет. Бул жөнүндө катталган фактылар да бар.
12. Кара зирени колдонуу кандагы канттын деңгээлин эң сонун төмөндөтөт.
13. Рак оорусуна кабылгандар күн сайын таң ата электе ачкарын кара зиренин бир орточо башынын ширесин ичип турушу зарыл. Бул бир айга созулушу керек. Дал ушул ыкма менен рак оорусун дарылоого болот.
14. Тамагынан рак болгондор күн сайын кара зиренин майын балга
аралаштырып ичип турушу керек.
15. Ичөткөк болуп, чычкактаган кезде, ошондой эле, заара чыгарууга байланышкан ооруларга дабаа болчу каражат катары колдонулат.
16. Кара зиренин майы — жылан чакканда, ууланууга каршы эң сонун каражат.
17. Лимфа түйүндөрүнө жакшы таасир этип, анын азайышына өбөлгө түзөт.
18. Чачтын өсүшүн калыбына келтирип, агарып кетишине каршы да колдонулат.
19. Кара зиренин данын эненин сүтүнө салып бир саат тыныктырып туруп, андан соң гепатиттен жабыркаган адамга жыттатса, эң сонун дарылык таасирин тийгизет. Себеби, мындай учурда боордун жана өттүн түтүктөрүнүн жолдору ачылат.
20. Көздүн көрүүсүн жакшыртуу үчүн, кара зирени майдалап, ирис майына аралаштырып жыттоо зарыл.
21. Тери ооруларын, ириңдүү котурду, ала ооруларын дарылоодо, уксус менен кошо таңылат.
22. Кара зирени катуу шишикке каршы колдонууга да болот.
23. Анусту кара зире майы менен майлап, мите курттардан арылууга болот.
24. Түнкүсүн уксуска чыланып, андан соң жанчылган кара зирени өнөкөт баш ооруну айыктырууда жана нерв оорусунан улам шал болгондо жыттаса болот.
25. Кара зирени тамырлардын толуп калуусун дарылоодо да колдонуп жүрүшөт.
26. Бал менен аралаштырылган кара зире бөйрөктүн таш жана заара чыкчу жолундагы таштарды жок кылууга жардам берет.
27. Суук тийгизип алганда мурунга тамчылатуучу каражат катары колдонуу үчүн, кара зирени төмөнкүчө даярдап
алууга болот: адегенде аны тегерете отко кактап бышырып алат да, кайра аны майдалайт, анан ага бир аз май кошуп, мурундун ар бир таноосуна 3-4 жолудан тамчылатат.
28. Кара зирени жылыткыч компресс катары чекеге коюп таңса да болот.
29. Бул өсүмдүктүн көңүлдү тынчтандыруучу касиети бар, нерв
системасына жакшы таасирин тийгизет.
30. Кан айланууну жакшыртып, беттин түсүн оңойт (бул максатта аны таңсаарда ичип туруу зарыл).
31. Кара зире майы тамыр ооруларын, анын ичинен унутчаактыкты жана баш мээнин тамырын дарылоодо күчтүү таасир берет.
32. Бөйрөктөгү жана табарсыктагы ташты майдалап, сыртка бөлүп чыгарат.
33. Бала эмизген аялдын сүтүн толуктайт.
34. Ичтеги мите курттарды сыртка айдап чыгат.
35. Майды денеге сүртсө, сөөлдү кетирет.
36. Сасык тумоону, жөтөлдү, демиккенди, сарыкты, тукумсуздукту
дарылайт. Кара зире майынын булардан башка дагы көптөгөн касиеттери бар.
Кара зирени жана анын майын колдонуу боюнча жалпы сунуштар
Кара зирени колдонуу организмди чыңдоо үчүн өтө пайдалуу. Ошондуктан, анын майын же уругун күн сайын 1 чай кашыктан ичип туруу сунушталат. Кара зиренин майын апельсиндин ширеси же йогурт менен аралаштырып алса, даамы жакшыра түшөт. Аны сырттан компресс кылуу же сүртүү үчүн да колдонуу маанилүү экенин унутпоо керек. Кара зиренин 1 чай кашыгын жарым стакан суу жана 1 аш кашык бал менен аралаштырып, таңкы тамактанууга 15 мүнөт калганда жана кечки тамактанууга 15 мүнөт калганда ичүү кажет. Колдонор алдында аны жакшылап чайкап алуу зарыл. Балдарга жогоруда айтылгандардын жарымын гана берүү керек. Кээде аны ичкен адамдын өнөкөт оорулары козголушу мүмкүн. Бул — кадыресе эле көрүнүш, андан чочулабаш керек. Кара зире — иммунитетти көтөрүүчү өсүмдүк болгондуктан, бул учурда организм толугу менен дарыланып бүтө элек ооруларга каршы иш жүргүзө баштайт.
Организмди чыңдоо үчүн, тамактангандан кийин, 1 чай кашык кара зире колдонууга болот. Бир суткада андан ашык өлчөмдө колдонбоо зарыл. Көптөр ʺкара зиренин уругу баалуубу же майы баалуубуʺ деген суроону беришет. Экөөсү тең пайдалуу, бирок, майынын таасири күчтүүрөөк. Ошондой болсо дагы, кара зиренин майы кымбатыраак тургандыктан, элдин көбү анын уругун колдонушат.
Интернет булактарынан.