Кыргызстандан күтүүсүздөн чыгып кетишкен Centerra Gold жетекчилиги жана “Кумтөр голд компани” компаниясынын мурдагы жетекчилери компаниянын глобалдык маалымат технологиялар тутумунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу чараларын көрүшкөн. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк билдирди.

“Ишканадагы жана Кумтөр кениндеги абал тууралуу билдирүү жасагым келет. Кечээ мен алтын кенинде болуп, компаниянын жамааты менен жолуктум. Бүгүн биз Кыргызстандан күтүүсүздөн чыгып кеткен Centerra Gold жетекчилиги жана “Кумтөр голд компани” компаниясынын мурдагы жетекчилери компаниянын глобалдык маалымат технологиялары тутумунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу чараларын көрүшкөнүн расмий түрдө билдиребиз”, — деди ал.

Бөлтүрүктүн айтымында, алар КГКнын бардык кызматкерлеринин дүйнөлүк маалыматтык технологиялар тутумуна кирүүсүн түздөн-түз жаап салышкан.

“Биз ишкананы башкарган Ellipse программасы тууралуу айтып жатабыз. Жабдуу, техникалык тейлөө, финансы бөлүмү, бардык кампалар, байытуу факбрикасы, инженердик жана башка бөлүмдөр сыяктуу бардык бөлүмдөр аталган программа аркылуу иштеген. Бул программасыз иштер абдан татаалдашат жана бардыгы кол мен аткаруу режимине өттү. Андан тышкары, кадрларды башкаруу, иштин графигин киргизүү үчүн Armsoft программасы жана кызматкерлер тууралуу бардык маалыматтар жабылган”, — деди Бөлтүрүк.

Эскерте кетсек, 17-майда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, “Кумтөр голд компани” ишканасына тышкы башкарууну киргизүүнү колдошкон.

“Кумтөрдүн” тыштан башкаруучу жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүк дайындалган.