«Эмгек дүйнөсүндө аялдарга карата басмырлоочу тыюу салууларды жокко чыгаруу жана Эмгек кодексинен 303-беренени алып салуу максатында «Инсан-Лейлек» КФсы өлкөнүн түштүгүндө «Сенин кесибиң — бул сенин тандооң» коомдук кыймылын баштады».

Бишкекте «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун Эркектер кесибин аркалаган аялдарга арналган «Биздин колубуздан келет» аттуу көчмө кербенин алкагында жарандык активисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Региондор аралык диалогу болуп өттү.

Кыргызстанда аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмеси Совет доорунан калган мурас. Эмгек кодексинин 303-беренеси жана «Өнөр жайлардын, жумуштардын, кесиптердин тизмеси жөнүндө» өкмөттүн токтому аялдардын эмгекке жана кесип тандоого болгон укуктарын бузат.

Өлкөдө аялдарга кесибинин 446 түрүнө, анын ичинде кадыр-барктуу жана өтө көп акы төлөнүүчү кесиптерге тыюу салынат. Аялдарга тыюу салынган кесиптердин зыяндуу жана басмырлоочу тизмелери теңдик принцибине карама-каршы келет жана аларды токтоосуз жоюу керек.

Мамлекет бир катар тармактарда аялдардын ишин атайылап чектеп, расмий эмес жумуш менен жумушсуздукту гана эмес, ошондой эле аялдардын эмгек миграциясына массалык катышуусун да эске албай жатат. Бул тизмедеги айрым кесиптер жок болуп калды, биз бул советтик доордун мурасы деп эсептейбиз », — дейт «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун директору Гүлнара Дербишева.

Гүлнара Дербишева белгилегендей, тыюу салынган кесиптер негизинен эмгек акысы жогору аймактарда. «Мугалим, дарыгер, социалдык кызматкер сыяктуу кесиптер аял үчүн калууда. Биз стереотиптик ой жүгүртүү менен күрөшүшүбүз керек. Бул тыюу салынган жерлерде аялдар иштешет, бирок расмий эмес», — деп кошумчалады Дербишева.

Аталган фонддун өкүлү Рахат Сагынбек кызы “Биз түштүк региондорундагы 50,000 аялдарга аялдардын иштөөсүнө бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга, эмгек мыйзамдарын реформалоого жана аялдар үчүн мурда жеткиликсиз болгон кесиптерди жайылтуу өнөктүктөрүнө жардам бергибиз келет” – деген пикирин билдирди. Диалогдун жүрүшүндө жарандык активисттер Кыргызстанда аялдарга тыюу салынган 446 кесиптин тизмегин карап чыгып, Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Жогорку Кеңешке сунуштоо керектигин белгилешти.