Баланын иммунитети абдан маанилүү. Эгерде анын иммунитети төмөн болсо анын ден соолугу дагы төмөн болот. Иммунитети төмөн балдар ар кандай вирустук ооруларга дагы туруштук бере албайт. Андыктан бул жол аркылуу балаңыздын иммунитетин бекемдөөгө аракет кылыңыз.
Иммунитети төмөн бала:
— Уйкучу болот;
— Бат-баттан ооруй берет;
— Алсыз болот;
— Тез чарчайт;
— Аллергияга чалдыгат.
Биз сиздерге курамында химикаты жок азыктар менен көтөрүүнүн жолун сунуш кылабыз.
Имбирь
Имбирдин тамынырын өткөргүчтөн өткөрүп аласыз дагы. Ага эки аш кашык майдаланган лимон, эки аш кашык шекер кошуп аралаштырасыз. Даяр аралашманы тамактанууга чейин бир чай кашыктан ичүү керек
Өрүк жана жаңгак
100 грамм өрүк менен жаңгакты аласыз дагы аларды өткөргүчтөн өткөрөсүз. Анын үстүнө үч чай кашык бал кошуп аралаштырасыз. Даяр болгон аралашманы күнүгө он граммдан ач карын ичүү сунушталат
Сарымсак
Ар бир бала сарымсакты жей бербейт. Албетте анын жедирүүнүн ар кандай жолдору бар. Маселен: эки тишче сарымсакты өткөргүчтөн өткөрүп ага бир чай кашык бал, бир аш кашык лимон ширесин кошуп аралаштырып аласыз. Аны бала жатарда бир стакан жылуу сүткө бир чай кашык аралашттырып ичирип койсоңуз абдан пайдалуу.
Интернет булактарынан алынды.