Кечээ эле биз алтындын биринчи партиясын 29 миллион долларга саттык, — деп «Кумтөр голд» компаниясынын убактылуу сырттан башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк маалымат жыйында билдирди.

Өндүрүлгөн алтынды Улуттук банкка сатыла баштады. Мындан ары биздин алтын мурдагыдай болуп Швейцарияга чыгарылбайт, өлкө ичинде болот.

«Бизде 20 миллион доллар өлчөмүндөгү дивиденддер бар», аны «Кыргызалтын» жыйнап,  сактап келген жана бул сумма биздин эсепке которулат»,  — деди ал. Анын айтымында, буга чейин операциялык ишмердүүлүк үчүн 49 миллион доллар каралган.

«Ошондой эле, болжол менен 25 миллион долларга айланма (револьверный кредит) насыя алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бул келишим Каржы министрлиги менен жүргүзүлөт. Биз айына 50 миллион доллардан ашык алтын өндүрөбүз жана бул акча компаниянын ишин камсыз кылууга жетет », — деди Бөлтүрүк.