Коронавирустан коргогон вакцинаны Бишкектин 20дан ашуун жеринен алууга болот. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Белгилей кетсек, мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынан тышкары жеке медициналык клиникаларда да эмдөө жүрүп жатат, бирок акысыз. Министрлик менчик жайлар адатта улуттук календарь боюнча башка вакциналарды, анын ичинде коронавирустан коргогон дарыны бекер саярын билдирди. Өлкөдө акы төлөп эмдөөдөн өткөрүү маселеси чечиле элек.

Эмдөөдөн өтө турчу пунктулар:

  • Ленин райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 64-45-57, 0 (505) 11-13-30;
  • Биринчи май райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 32-55-71, 0 (550) 70-10-02;
  • Свердлов райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 63-51-22, 0 (505) 28-66-70;
  • Октябрь райондук бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 57-09-15, 0 (703) 29-37-93;
  • Свердлов районунун № 4 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (709) 82-83-14;
  • Свердлов районунун № 8 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (551) 11-77-44;
  • Свердлов районунун № 9 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (778) 37-66-62;
  • Биринчи май райондук № 14 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (500) 00-82-08;
  • Биринчи май райондук № 16 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (550) 65-11-70;
  • Октябрь райондук № 15 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (703) 21-04-76;
  • Октябрь райондук № 19 үй-бүлөлүк медицина борбору — 0 (709) 65-55-40;
  • Ленин райондук № 2 үй-бүлөлүк медицина борбору — 64-45-57; 0 (505) 11-13-30;
  • Калыс-Ордо конушундагы амбулатория — 0 (550) 50-08-45;
  • Учкун конушундагы амбулатория — 0 (505) 28-66-70;
  • Кара-Жыгач конушундагы амбулатория — 0 (551) 11-77-44;
  • Ак-Бата конушундагы амбулатория — 0 (500) 00-82-08;
  • Темир жол ооруканасынын бейтапканасы — 0 (773) 26-12-50;
  • Студенттердин поликлиникасы, саат 15:00дөн 23:00гө чейин иштейт — 0 (312) 66 52 63;
  • Президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасы;
  • Жеке медициналык жайлар (акы төлөнбөйт):
  • Профессор Асымбекованын клиникасы;
  • «Семья» медициналык борбору.

Эмдөө тууралуу суроолор боюнча 313297 тынымсыз линиясына же Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04 номерлери аркылуу байланышууга болот.

Бишкекте вакцинаны алдын ала онлайн жазылып алуу шарты бар. Учурда сынамык долбоор борбордо гана ишке ашууда.

Вакцина алууга электрондук дарек менен жазылууну каалагандарга төмөнкүлөр керек:

  • vc.emed.gov.kg шилтемесине киресиз;
  • Электрондук кезекти («Электронная очередь») тандайсыз;
  • Ал жердеги торчону толтуруп, сунушталган вакцинаны тандайсыз;
  • Эмдөөгө бара турган күндү жана саатын жазасыз;
  • Мындан соң телефонго электрондук кезектин талонун көчүрүп алыңыз (талонду сурап калса керек болот).

Марттын этегинде Кыргызстанда COVID-19га каршы Кытайдын Sinopharm вакцинасы менен эмдөө башталган. Апрелдин ортосунан тарта Россиянын «Спутник V» вакцинасы келди.

Учурда Кыргызстан боюнча 57 миңден ашуун киши коронавирустан коргогон дарыны алды. Белгилей кетсек, препарат эки доза менен (аралыгы бир нече жума) сайылат.

Россиялык препарат чектелүү көлөмдө келип жаткандыктан жашы 65тен өткөндөргө гана колдонулууда. Кытайдын вакцинасын каалоочулардын бардыгы алса болот. Негизинен жашы 18ге толгондорго эмдөөдөн өтүү уруксат. Ал эми кош бойлуулар жана бала эмизгендер албайт.