«Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын ишинин биринчи этабы жыйынтыкталды.Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаров 20-майдагы маалымат жыйынында билдирди.

300гө жакын барактан турган отчет түзүлдү. Анда «Кыргыз Голд» компаниясы салыкты убагында төлөп, мыйзамдарды сактоого милдеттүү экени белгиленди.

Ошондой эле сууга канчалык зыян келтирилгени аныкталып, далил топтолот. Мындан тышкары Эсеп палатасынын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары да камтылды. Акылбек Жапаровдун айтымында, отчетто талаш-тартышсыз далилдер топтолду.

17-майда салык боюнча акты түзүлүп, «Кумтөр Голд» ишканасына берилди. Жапаровдун айтымында, экологиялык зыян келтирилгени талашсыз далилденет.

Экологиялык зыяндын айынан 60 адам майып болуп, 19 адам каза болгон.

Жапаров бардык фактылар боюнча жабырлануучу тараптын дооматтарынын жоктугуна байланыштуу иштер токтотулуп калгандыгын, эми кайра жанданарын айтты. Тагыраагы, 2018-жылы жана 2020-жылы каза болгондор боюнча кылмыш иши кайрадан жанданат.

«Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иши дагы 3 айга узартылган.