Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматынын статс-катчысы «Н.Ж.Б.» (Нурматова Жылдыз Байишевна) акча каражаттарын мыйзамсыз алууга катыштыгы бар фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын статс-катчысы «Н.Ж.Б.» тарабынан кызматтык абалынан пайдаланып, алдамчылык аракеттеринин фактылары аныкталып, натыйжасында, арыз ээсинин материалынын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси («Алдамчылык») кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

2020-жылдын октябрында аталган «Н.Ж.Б.» ишеним менен «Ж.И.» аттуу жаранга компаниянын өзүнүн жетекчилиги астында өткөрүлгөн товарларды жана кызматтарды сатып алуу боюнча тендерге катышуусу үчүн зарыл шарттарды түзүү шылтоосу менен 22 миң 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттарды өзүнө ыйгарып алган.

Мунун менен катар, ал көрсөтүлгөн каржылык колдоо үчүн, ал арыз ээсине мамлекеттик кызматка орношууда ар тараптуу жардам көрсөтөт, ал бюджеттик каражаттардын эсебинен чет өлкөгө тез-тез иш сапарларын камсыз кылат.

Аталган элементтерге мыйзамдуулукту берүү максатында, «Н.Ж.Б.» насыяланган каражаттарды пайдалануу максатын көрсөтүү менен тиешелүү келишим түзгөн.

Мындан тышкары, «Н.Ж.Б.» кызматтык бөлмөсүнө жана жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда, документтерди жасалмалоо максатында колдонулган ар кандай мамлекеттик органдардын жана коммерциялык структуралардын мөөрлөрүн, ошондой эле товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жасалма белгилери менен жеткирүү боюнча келишимдер табылып алынды.

Азыркы учурда «Н.Ж.Б.» катышкан башка мыйзамсыз фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатат.