Жакынкы бир саат аралыгында Чүй өрөөнүндө жана Бишкекте катуу шамал болоору күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдирди.

 “Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Сак болуңуздар!”,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.