Биз болуп өткөн кырдаалдан сабак алдык, андыктан кайталанбашы үчүн, буга чейин Кумтөрдө колдонулуп келген жана баарын көзөмөлдөп турган Ellipse программасынын ордуна башкасын орнотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде маалымат жыйынында Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, өндүрүшкө заманбап SIP башкаруу тутумун киргизүү чечими кабыл алынды.

«Биздин өз программабыз болот, ал ушул жерге орнотулат жана жергиликтүү болот» — деди ал.