«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын үч жетекчисине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк маалымдады.

Мындан мурда ал компаниянын жетекчилиги Кыргызстандан чыгып кеткенин жана “Кумтөр” кенинде иштөөнүн автоматташтырылган башкаруу тутумун жаап салышканын айткан.

Теңиз Бөлтүрүк маалымат жыйында мындан ары кыргыз тарап Centerra Gold Inc. менен дүлөй, дудук адамга окшоп сүйлөшпөй, чыныгы өнөктөш катары иштей турганын билдирди.

Анын айтымында, буга чейин кыргыз өкмөтү жана «Кыргыз алтын» ишканасы аябай чоң зыян тарткан. Учурда Centerra Gold Inc. менен чырда Кыргызстандын таламын талашуу боюнча АКШдан, Канададан келген юристтер иштеп жатат.

«Азыр биз Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого даярбыз. Аларга мамлекеттик комиссия аныктаган доону коёбуз. Мындан ары канадалык компания менен чыныгы өнөктөштүк мамиледе иштейбиз. Эгерде Centerra ачык-айкын, Кыргызстандын мыйзамдарын жана эл аралык стандартты сактап иштей турган болсо, алар менен дени сак адам дудук, дүлөйгө окшоп сүйлөшкөндөй практиканы токтотобуз. Centerra акыр аягы келип биздин сөзүбүздү угуп, кол шилтеп кетпей тургандай кылабыз«, — деди ал.

Ошондой эле ал кыргыз тараптын сунуштарын четке кага турган убакыт өткөнүн белгиледи.