Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү бош таштандыларды сактоо акырындап жоюлат. Таза мөңгү суусун техникалык муктаждыктар үчүн пайдалануу дагы токтотулат. Бул эки жылдын ичинде акырындык менен ишке ашат. Бул тууралуу Кумтөр алтын компаниясынын сырттан бакаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк  пресс-конференцияда билдирди.

Ал белгилегендей, бул албетте акча жана инженердик изилдөө иштерин талап кылат, бирок алар аны аткарышат.

— Биз кендин экологиялык бөлүгүн көзөмөлдөгөн швейцариялык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле мөңгүлөрдүн ордунан жылышы көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөй. Ал эскертүү тутуму менен заманбап мониторингди талап кылат. Биз эми муну дагы тааныштырып жатабыз, — деди Бөлтүрүк.