Кыргызстан Centerra Gold менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө даяр, бирок алар биздин республиканын бардык мыйзамдарына жана экологиялык стандарттарга ачык-айкын ылайык келсе гана. Бул тууралуу Кумтөр алтын компаниясынын сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ачык жана чынчыл сүйлөшүүлөр керек.

“Акыры, алар биздин талаптарды жана биздин мыйзамдарды эске албоону токтотушу керек”, — деп баса белгиледи Тенгиз Бөлтүрүк.

«Кумтөрү» мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү Динара Кутманованын айтымында, канадалыктар айлана-чөйрөнү бузгандыктары жөнүндө билишет, ошондуктан алар азыр бардыгын инвестицияга өткөрүп жатышат.

“Бул мурунку бийлик алардын эрежелерди бузуусуна жол бергендиктен болду. Эми мындай мыйзам бузууларга жана мындай иштерге «жок» дейбиз, анткени биздин жаратылыш байлыктарыбыз сарамжалдуу пайдаланылышы керек. Бул биздин Конституцияда жазылган”, — деп белгиледи Кутманова.