Манастын эстелигин жасоого сынак жарыяланды. Ал Нур-Султанга тургузулат
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Казакстандын Нур-Султан шаарына тургузулчу Манастын эстелигин жасоого сынак жарыяланганын кабарлады.
Билдирмеге ылайык, эстелик Нур-Султан шаарынын Жубанов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат.
«Эстеликти жасоо боюнча сынакка кесипкөй скульптор, сүрөтчү жана архитекторлор гана катыша алат. Алар жалгыз же командасы менен катышуу укугуна ээ. Айкелде Манастын өзгөчөлүгү чагылдырылышы керек. Мыкты долбоордун ээлерине сый акы ыйгарылат. Биринчи орунга — 150 000 сом, экинчи сый акы — 100 000 сом, үчүнчүгө 50 000 сом берилмекчи», — деп айтылат маалыматта.
Сүрөтчүлөрдүн эмгектери 2021-жылдын 24-августуна чейин кабыл алынып, жыйынтыгы 25-августта чыгары кошумчаланды.
Сынактын катышуучулары ишин Абдрахманов көчөсү, 196 дарегинде жайгашкан Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейине жөнөтсө болот. Сурап-билүү телефондору: 62-11-27, 66-43-24; 66-47-18.