Тенгиз Бөлтүрүк өзүнүн өмүр баянындагы айрым фактыларды айтып берди. Ал Ысык-Көл районунун Түп айылында төрөлгөн.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктү Кумтөрдөгү кырдаалга жардам берүүгө жана кен казуу боюнча жаңы долбоорлорду баштоого чакырды. Бул тууралуу Бөлтүрүк өзү Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Ал былтыр Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине киргендигин, бирок акыркы окуяларга байланыштуу, анын курамынан чыгуу жөнүндө арыз бергенин айтты.

“Ысык-Көл облусунун Түп айылында туулуп-өскөм. Мектепти артыкчылык менен аяктап, Москвадагы Болот жана эритмелер институтуна тапшыргам. Андан пайдалуу кендерди байытуу боюнча инженер адистигине ээ болгом.

«Өткөн кылымдын сексенинчи жылдардын аягында Түстүү металлургия министрлигинин чечими менен Ыраакы Чыгышта иштегем. 1990-жылдары Кыргызстанда жаңы курулуп жаткан «Сары-Жаз» комбинатына которушкан. Советтер Союзунун жоюлушу менен ал долбоор токтоп калып, мен «Хайдаркан» камбинатында фабрика жетекчиси катары беш жыл эмгектендим» – деди Бөлтүрүк.

Кийинчерээк Германияга окууга кетип, ал жерде Клаустхаль техникалык университетинин аспирантурасын өз адистиги боюнча аяктаган. 2002-жылы, кыргызстандык Канадага көчүп кеткен, ал тоо-кен тармагында 33 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келет. «Менин канадалык инженердик лицензиям бар. Эмгек тажрыйбамда 13 мамлекетте 18 тоо-кен тармагындагы ири долбоорлорду жетектегем. Президент Жапаров мени чакырганда, Кыргыз Республикасына келгем», — деди Бөлтүрүк.Ал белгилегендей, ал буга чейин республиканын бийлигине тоо-кен тармагын реформалоо планын сунуш кылган, бирок эч нерсе өзгөргөн эмес. Бөлтүрүк ошондой эле кыргыз бийлиги Кумтөр боюнча сот процесстерине АКШ жана Канаданын юридикалык компанияларын катыштыргандыгын айтты.

Тенгиз Бөлтүрүктө Канаданын жарандыгы бар. Парламенттин отурумунда ал ушул убакытка чейин Кыргызстандын жараны бойдон калгандыгын белгилеп, дипломатиялык паспортун депутаттарга көрсөттү.