Кечээ Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү саясий департаментинин директору Улан Жусуповдун Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташуунун келечегин, анын ичинде алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги байланыштарды талкуулашты.

Жолугушуунун башында У.Жусупов бардык деңгээлде түзүлүп калган кыргыз-түрк саясий диалогунун өтө жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи жана мамлекет башчысы С.Жапаров Түркия Республикасы менен стратегиялык кызматташтыкты чыңдоого көңүл бургандыгын белгиледи.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси А.Доган түрк тараптын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жигердүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө терең кызыгуусун тастыктады.

Коомдук өнүгүү жана маданий-гуманитардык кызматташуу жаатында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Бул контекстте А.Доган кыргыз-түрк достугу Бишкек мамлекеттик ооруканасынын жакында ачылышына кыргыз тарапты ишендирди.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, товар жүгүртүүнү кыйла көбөйтүү, инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө жана эки өлкө үчүн кызыгуу жараткан долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамилелердин келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маселелерин талкуулашты.