Коом

Ракка кимдер көбүрөөк чалдыгышы мүмкүн. Адистин пикири

Толук адамдардын же организминде папиллома вирусу барлардын ракка кабылуу кооптуулугу жогорураак. Бул туурасында РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы онкологу Андрей Каприн айтып бергенин РИА Новости жазды.

Мындан сырткары, 65 жаштан өйдөгүлөр жана чылым чеккендер да аталган илдетке арбыныраак чалдыгышы мүмкүн.

«Рак менен ооруп калуу кооптуулугу 65 жаштан өйдө курактагыларда көбөйө берет. Эгерде адамдын папиллома вирусу болсо, эркектер да, аялдар да жогорудагы ооруга кабылышы ыктымал. Андан сырткары, ашыкча салмак менен тамеки да ага кошул-ташыл болот», — деген Каприн.

Ал аялдарга караганда эмнегедир эркектерде ракка чалдыгуу кооптуулугу көп экенин белгилеген.

Адамдын папиллома вирусу — жыныстык катнаш аркылуу жугуучу, адамдын органзимине түшкөндөн кийин ар кыл ооруларды жаратуучу вирус.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button