Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматында өтчү кезектеги жыйынына катышат.
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБдин 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамалар угулат.
Мындан сырткары, Кеңештин мүчөлөрүнүн мүчө-мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынат.