Бишкектин социалдык саясат боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева жалпы билим берүүчү предметтер боюнча мектеп окуучулары үчүн республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, олимпиадага 235 мектеп окуучусу катышты, борбор калаанын мектептеринин 87 окуучусу шаардык олимпиаданын байге ээлери болушту, анын ичинде: 34 окуучу 1-орунга; 2-орун — 28 окуучу; 3-орун — 28 окуучу.

вице-мэр 1-орунга ээ болгондорго грамота жана смартфондорду, экинчи орунга ээ болгондорго грамота жана акылдуу сааттар, үчүнчү орунга ээ болгондорго грамота жана наушниктерди тапшырды.

Санитардык ченемдерди жана эрежелерди сактоо менен сыйлык берүү Таберик концерт залында өттү.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жеңүүчүлөрдү сыйлоо эки этапта өткөрүлдү.