Кыргызстанда парламенттин чечими менен Борбор Азиядагы эң ири алтын кени болуп эсептелген Кумтор менен байланышкан кырдаал активдүү талкууланууда. Канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы буга өзүнүн нараазы экенин билдирүүдө, ал эми кыргыз тарап келтирилген зыянды төлөп берүүнү талап кылууда.

Эксперт Адилет Маматов Кумтөр менен байланышкан кырдаалга улуттук коопсуздукту жана өнүгүүнүн дүйнөлүк трендин эске алуу менен стратегиялык жактан кароо керек деп эсептейт.

“Дүйнөлүк финансынын архитектурасы өзгөрүүдө. Өлкөлөр өзүлөрүнүн улуттук валюталарын ИДПнын көлөмүнө жараша, бирок аларды алтын менен да, баалуу товарлар менен да камсыз кылбай туруп басып чыгарууга көнүп калган көнүмүш системанын мезгили артта калды. 1954 -жылы түзүлгөн дүйнөлүк акыркы 72 жылдык траст Дүйнөлүк жаңы тартип деп аталган. Анын мөөнөтү 2016 -жылы аяктады, аны текшерүүгө беш жыл берилген.

Демек, 2021-жылы бүткүл дүйнө жаңы системага өтөт жана ага ылайык бардык улуттук валюталар алтын же Бразилиядагыдай кофе сыяктуу башка баалуу товарлар менен камсыз болууга тийиш. Биздин Кыргызстанда мындай булактар тилекке каршы, жок.

Ошондуктан кандай компенсация төлөнөт, мунун мааниси жок, биз Centerra Gold Inc компаниясынын канча акциясын жоготобуз, бул да мааниге ээ эмес. Бирок бизде ушундай алтын чыккан рудниктин болушу – биз мындан ары да өзүбүздүн улуттук валютабызды басып чыгара беришибиз үчүн, биздин эгемендүүлүгүбүз, биздин экономикабыздын көз карандысыздыгы үчүн абдан чоң плюс. Башкача айтканда, бул өлкөнүн экономикалык коопсуздук жана суверендүүлүк маселеси”, — дейт эксперт.
Адилет Маматовдун айтымында, алтын келечекте жөн гана каражат чогултуунун гана шайманы эмес, акчаны эмиссиялоо үчүн да баштапкы камсыздоочу болмокучу. Муну түшүнгөн көп өлкөлөр акыркы 5-6 жылдан бери баасы келечекте өсө гана турган алтынды чогултууну башташкан.

“Кумтөрдүн иштеп турганы, жакшы айлык акы бергени, Соцфонд, салыктар ж.б., булардын баары акчаны өзүбүз басып чыгаруу менен салыштырганда эч нерсе болбой калат. Бирок мында бир гана шарт бар – казылган алтын биздин өлкөдө гана калышы керек. Буга чейин Кумтөрдө казылган алтындын баары өлкөдөн тышка чыгарылып турган. Колдогу маалыматтар боюнча Кумтөрдүн алтынын 90 пайызы Улуу Британияга, 10 пайызы – Швейцарияга жөнөтүлүп турган. Кыргызстанда аны сатып алууга укугу болгону менен ага акча жоктугунан улам алтынды өлкөдөн ташып кетүүгө уруксат берилген”, — дейт эксперт. было шапочное право выкупить, но поскольку денег не было, мы всегда давали разрешение на вывоз золота из страны”.

Адилет Маматов Кумтөр маселесин кароодо өзгөрүп жаткан дүйнөлүк финансы системасын көңүлгө алуу керек деп эсептейт. Бул системада эгерде мамлекетте өзүнүн рудниги болсо, ал өзүнүн акчасын басып чыгара аларын айтат. Башкача айтканда, бизге айрым бир милдеттерди тагуу менен бизге акча басып бере турган эмитентти издөөнүн зарылчылыгы болбой калат.

“Мына ушундай эле чечим Базел комитети тарабынан кабыл алынган жана БУУнун тийиштүү комитети 2020 -жылы COVID-19 учурунда коопсуздуктан глобалдуу GESARA экономикалык актысын кабыл алган. Буга байланыштуу бизди да чоң өзгөрүүлөр күтүп турат, буга чейинки жасалып келген аракеттер өзүнүн экономикалык маанисин жоготот.

Мисалы, Кумтөрдүн көрсөткүчтөрү ИДПга таасир этип келген, мындайча айтканда, биз бюджетти түзүп жатканда ИДПны көбөйткөн Кумтөрдөгү өндүрүштүн көлөмүн да эске алып келгенбиз. Анан ошол жазган цифраларды көрсөтүп, биз бюджет түзүп, акча басып чыгарчубуз. Жаңы дүйнөлүк системанын келиши менен Кумтөр көрсөткөн ИДПдагы өндүрүшкө кошкон салым эсепке алынбай калат. Демек, бизге салыкты, Соцфондду жана айлык акыларды гана төлөгөндөн башка өлкөнүн ИДПсына эч нерсе бербеген, алтургай, алтындын баарын ташып кетип жаткан мындай Кумтөрдү кармап туруунун пайдасы жок.

Эгерде өлкөнүн суверендүүлүгү жаатынан карай турган болсок, алтынды биз өзүбүзгө калтырышыбыз керек. Тактап айтканда, өлкөдө өндүрүлүп жаткан алтынды сатып алуу укугу мамлекетке таандык болууга тийиш. Мамлекет мындан баш тарткан учурда гана чет элдик инвестор алтынды Лондондогу биржада сатып же инвестициянын эсебинен сыртка чыгарып кете алат. Камсыздалбаган же символикалык акчалар алтындын өзү менен камсыз болоорун эске алганда, алтынды сатып ала турган акча, анын ичинде чет элдик валюта да бизде дайыма табылат.

Ошондуктан мындай баалуу ресурсту чоочун адамдарга берип жатканыбыз, алар алтыныбызды ташып кетип өзүлөрүнүн экономикасын камсыздап жатканы, бери эле дегенде келесоолук”, — дейт эксперт.

Маалымат: GESARA – глобалдуу экономикалык коопсуздук жана реформалоо жөнүндөгү акты, 2015-жылы Париж климаттык келишиминин курамында 209 суверендүү мамлекеттер тарабынан кабыл алынган, анын ичинде, Кыргызстан да бар. Программанын максаты – алтын стандартындагы жаңы глобалдуу валюталык системаны киргизүү.

Базел комитети – банк ишин көзөмөлдөөчү эл аралык орган, GESARA программасын киргизүү үчүн банктык эсептин жаңы кванттык системасын иштеп чыккан.