Айыл жарба жана өнөр жай министрлиги Бишкек шаарынын тургундарына кезектеги жарманкени өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Жарманке 22-23-май күндөрү өтөт.
Айыл чарба продукцияларынын Бишкек шаарында өтчү даректери:
1. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;
2. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
22-23 майларда өтө турган айыл чарба жарманкесиндеги сунушталган баалар.
Уй эти — 380-420 сом
Жылкынын эти — 380-420 сом
Кой эти – 390-410 сом
Тоок эти – 180-200 сом
Күн карама майы-130-170
Тооктун жумурткасы 10 даана — 75-95 сом
Кум шекер – 56 сом
Күрүч — 75-120 сом
Алма — 80-120 сом
Сабиз – 25 сом
Картөшкө — 28 сом
Пияз – 20 сом
Сүт азыктары, ун азыктары жана башка азыктардын баалары 10-15% базар баасынан төмөн болот.
Жарманкеге катышуучу компаниялардын тизмеси:
ЖЧК “Аз Медиа групп”, ЖЧК “ Дельфин трейдинг”, ЖЧК «Альфа Трейд», ААК “ Кайынды Кант”, ЖЧК «Витал Виста», ЖЧК «Ак-Куу», ЖЧК «АлХалал», ЖЧК «Адал Азык», ЖЧК «Арген», ЖЧК «Билайф», ЖИ Мырзабекова А.А, ЖИ Темиров Бекболот, ЖИ «Жети Баттыр», ЖИ «Сокеев», Фермерлер: Урмат Бай, «Народный Фермер», Исраев Бектемир, Ирсалиев Улан, Жумагулов Б.А, Маян Халима Якубе, Меваза Рашид, Мабо Арли Мухаммед.
Кошумча маалымат үчүн байланыш номерлер: 0771 949499, 0509767611