Жарактан чыккан “Sputnik V” вакцинасын эсептеп чыгаруунун натыйжасында материалдык чыгым болжол менен 840 миң сомду түздү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева жергиликтүү теле каналдардын бирине берген маегинде  билдирди.

Белгилүү болгондой,  №2 ҮМБда Россиянын “Sputnik V” вакцинасынын 994 дозасы муздаткычтын өчүрүлүшүнөн жарактан чыккан. Буга байланыштуу аталган поликлиниканын беш кызматкери сөгүш алышты. Келтирилген зыянды толтуруу милдети №2 ҮМБгө жүктөлүшү мүмкүн.

Республикалык иммунопрофилактика борбору муздаткыч адам факторлорунан улам электр кубатынан ажыратылгандыгын билдирди. Алдын ала версия боюнча, тазалоочу айым (уборщица) розеткадан муздаткычты өчүрүп, телефон кубаттагычын туташтырган.

Аталган вакцина гуманитардык жардам катарында келген. Кыргызстан вакцинанын ар бирин болжол менен 10 доллардан сатып алган.