Бүгүн, 21-майда Юстиция министрлиги тарабынан Европа Бирлигинин «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгү 2-фаза» программасынын колдоосу менен «Ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталы» (koomtalkuu.gov.kg) боюнча пресс-кафе уюштурулду. Ага Юстиция министрлигинин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

 

Пресс-кафенин алкагында коомдук талкуулоонун Бирдиктүү порталын түзүүнүн өбөлгөлөрү, себептери жана укуктук негизи талкууга алынды.

Бул иш-чаранын максаты Бирдиктүү порталдын иши жөнүндө сапаттуу маалымат таратуу, ошондой эле ченем жаратуу органдары тарабынан демилгеленүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоого катышууга чакыруу.

Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова белгилегендей, мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо ченемдерди иштеп чыгуу процесси ачык болуп, ар бир кызыкдар адам укуктук актыларды иштеп чыгууга катыша алышы үчүн, өнүгүүнүн өбөлгөсү болуп саналат.

«Учурда бардык мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ушул порталга жайгаштырылган, кызыктырган долбоорлорду издөө тутуму бар, коомдук талкуу үчүн шарттар бар, сын-пикирлерди ошол жерде калтырса болот жана мамлекеттик органдар бул сын-пикирлерге жооп беришет, б.а. талкуу жүрүп жатат», — деди Аскарова.

Мындан тышкары, портал жаңылыктарга жазылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, анда сиз социалдык кызыкчылыктар, коомдук транспорттор же башка кызыктуу темалар сыяктуу кызыктуу темаларды тандап, башталган долбоорлор боюнча толук маалымат ала аласыз.Европа Бирлигинин “Кыргыз Республикасында Мыйзамдын улуктугу-2-фаза” программасынын башчысы Стефанос Кареклас дагы бул аянтчанын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бул портал Кыргызстан тарабынан колдонулат жана 6 миллиондон ашык адам жашаган Кыргызстандын жашоочулары үчүн иштелип чыккан. Эң негизгиси анын туруктуулугун камсыз кылуу керек, ошондуктан биздин программа аяктагандан кийин дагы, бул демилге өз алдынча иштей берет. Биз жарандык коом бул ишке кошулуусу үчүн жарандык коом менен кызматташууну көздөп жатабыз, анткени бул мыкты машыктыруучу, ал эми жарандык коомдун катышуусу эң маанилүү», — деди С.Кареклас.

Портал бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоо үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү максатында иштелип чыккан. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуучулар бирдиктүү порталга ченемдик укуктук актылардын долбоорун өз алдынча жайгаштырышат жана жарандардын сын-пикирлерине жооп беришет.

Ошондой эле, портал жарандарга мыйзам жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жалпыга жеткиликтүү боло турган сын-пикирлерин, сунуштарын, эскертүүлөрүн жана сунуштарын жайгаштырууга мүмкүндүк берет. Порталдын жардамы менен, коомдук сын-пикирлер жол-жобосу аяктагандан кийин мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун андан аркы жүрүшүнө көз салууга болот.

Учурда Бирдиктүү порталга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамына кирген мамлекеттик органдар тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору жайгаштырылган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы порталдын ишине байланыштуу. Мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун www.koomtalkuu.gov.kg веб-сайтынан көрө аласыз жана талкуулоого катыша аласыз.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы 277-буйругуна ылайык, Бирдиктүү портал пилоттук режимде ишке киргизилген жана анын иштөө тартиби бекитилген.