Коом
Бишкек шаарындагы №5 гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 75%га даяр. Сүрөт
Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы, №5 улуттук компьютердик гимназияга кошумча окуу корпусунун курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ жана 75%ды түзѳт.
Азыркы учурда, подряддык уюм тарабынан ички жасалгоо иштери, орнотуу аяктайт терезелер менен эшиктерди орнотуу, ошондой эле электромонтаж, суу менен жабдуу, канализация жана сырткы тармактар иштери аткарылууда. Мындан сырткары кафель, бетондук-гранит, бетондук-мозаикалык жумуштар жүргүзүлүүдѳ. Аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер башталды.
Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын январында Сауд Өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен башталган. Ал эми объекттин сметалык наркысы 1 028 600 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 472 934 АКШ доллары каржыланды.
Кошумча корпустун курулушунун бүткөрүүсу жаңы окуу жылына пландаштырылган.