Сол жагым ооруйт.

Салам апа, мен дагы келдим. Ойлонбо, мектепке барып анан келдим. Апалар да аталар сыяктуу тынчсызданабы билбейм, бирок Али: «Мектепке барбасам апам аябай урушат» деген эле, ошого сурап жатам.

Өткөн жумада мугалим: «Оң колумда алма, сол колумда анар» деп кайталап айттырып атып үйрөттү. Эми мен кайсыл жак оң, кайсынысы сол экенин билем! Эми мен билемин апа! Ооруган жеримдин кайсыл жагым экенин билемин апа. Өткөндө келгенимде: «Мобул жерим ооруп жатат, мына…» деп сизге айта албадым эле! Карачы, эми айта алам. Мына бул жерим, сол жагым ооруп жатат. Аябай ооруйт апа.

Кечээ Айшанын апасы анын чачын өрүптүр. Колунан жетелеп мектепке алып келди. Көйнөгүнүн жакасы кооз жибектен токулган экен. Сабак башталып коңгуроо чалаары менен бетинен өөп: «Бар кызым, сабак башталды» деп коштошту. Мен аларды карап отуруп ыйлап жибердим. Боздоп ыйлап кирдим эле эжейим келип: «Сага эмне болду?» деп сурады эле «тизем ооруп жатат» деп жалган айттым апа! Тизем ооруган жок эле, сол жагым ооруп жаткан болчу, апа.

Бүгүн, мен дагы чачымды өргүм келди. Атама айтып чачымды өрдүрдүм, бирок Айшанын чачына окшогон жок. Кооз жакалуу көйнөк кийгим келди. Атам: «Мен билбейм кызым» деди. «Анда мектепке мени менен кошо бар» дедим. «Кызым, ишке барышым керек!» деди. Мен кайра: «Мен билбейм, мага эмне! Жетелеп бар» дедим. Атам: «Кызым нан табыш керек…» деди.

Мен унчукпадым, бирок мектепке баратып кайра ыйладым, аябай ыйладым. Сол жагым дагы ооруп чыкты апа… Классташтарымдын баары ак байпак кийишет. Меники боз сыяктуу апа. Зейнеп: «Апам ак кийимдерди түстүү кийимдерге кошпой, өзүнчө жууйт экен» деди. А атам болсо баарын бир жууйт, же атам кир жууганды билбейби апа? Оф, атам, ар күнү помидор менен нан салып берет. Таарынып калбасын деп айтпайм. Бирок досторум күндө башка башка тамак алып келишет.

Билемин, атам алардын апалары жасаган тамакты жасай албайт. Күн да бүркөлө баштады апа. Сага, качып келгенимди атам билбейт. Билип калса да ачууланбайт, бирок капа болуп калат. Атамды жакшы билем. Апа карачы! Сенин топурагыңды ким бузуп кеткен?! Гүлдөрүңдү да үзүп кетишиптир. Аларга үздүрбө апа! Апа, жаныма чакамды да ала келдим. Топурагыңдан бир ууч алайын. Билесиңби, сенин топурактарыңды үйгө алып барып чакага топтоп койдум. Анын үстүнө сенин сүрөтүңдү койуп койдум. Дайыма жанымда алып жатам апа.

Күндө эрте менен турганда аны өөп, жыттап турам. Эч кимге айтпа апа, кээде аны менен сүйлөшөм. Анан эмне кылайын? Сени аябай сагындым. Ммм… Мугалим бизге «апалар тууралуу эмне билсеңер жазып келгиле» деген. Мен атама жаздырып барам. Мугалим билип калса ачуусу келет. Мага эмне, ачуулана берсин! Мен сени көрбөсөм, сен жөнүндө эмнени жазмак элем апа. Кантип сени сүрөттөп, баяндап берем? Сенин атыңды укканда сол жагым кайра ооруйт, апа.

Тамагымдан эч нерсе өтпөй калат. Кээде чыдабай да ыйлап жиберем. Анан кантип кагазга жазайын. Мынтип жаза албайм да апа… Мейли анда, мен кеттим.

Топурагыңды дагы бир жолу өөп койоюн. Сен дагы мени унутуп калбай түшүмө кел, мени өп, эркелет, кучагыңа ал. Сөссүз кел, унутпа апа!…

Сен түшүмө кирбеген түнү, эрте менен сол жагым ооруп уйкудан турам. Мына, мына бул жерим… Сол жагым кайра ооруп жатат апа.

Сени сагындым… апа… аябай сагындым…

Автору белгисиз. Интернет булактарынан алынды.