Энелер күнү түштүк жергесинде өзгөчө маанайда белгиленди. Сүрөттөр
2012-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти “Кыргыз Республикасында Энелер Күнүн белгилөө жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
Мамлекет жана коомчулук тарабынан энеге аяр мамилени калыптандыруу, Кыргыз Республикасында үй-бүлө жана эненин баркын көтөрүү, абалын бекемдөө зарылчылыгын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Энелердин Күнүн белгилөө тууралуу ниетин жарыя кылган.
Ошол убакыттан бери жылына май айынын 3-жумасы Энелер күнү белгиленип келе жатат. Быйылкы жылы Энелер күнү майрамы түштүк жергесинде, Ош шаарында «Кыргыз биримдиги» коомдук бирикмеси, жетекчиси белгилүү продюссер Дана Абдыбекова тарабынан «Бейиш энелердин таман алдында – 2021» аттуу этно форматтагы теледолбоору жогорку денгээлде өттү.
Аталган долбоорго түштүк аймагындагы, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп, татыктуу уул-кыздарды тарбиялап, ар кыл тармактын жүгүн көтөрүп, сыймыгына бөлөнгөн апалар жана пандемия апаатында адамзатка өмүр тартуулаган медицина кызматкерлери, дарыгерлер, медайымдар да чакырылган.
Долбоордун каармандары аймактардагы өкүлдөрүнүн сунушу менен тандалып, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, укуктук, маданий тармактарына салымын кошуп, турмуштан ордуларын тапкан, билимдүү уул-кыздарды тарбиялап өстүргөн апалар.
Ар бир күнү майрамга, ар бир жасаган иши, энелик милдети таазим кылууга арзыган энелер жана ак халатчан баатырлар “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин “Улутман эне” ордени жана өзгөчө жасалгалуу, аялзатынын символикасы аталган билериктүү диплому жана “Ак элечек асылзат” медалы менен сыйланды.
Дүйнөлүк тажрыйбалар көрсөткөндөй, мезгилдин өтүшү менен мамлекетибизде дагы коомдук уюмдардын сыйлыктары, дипломдору чоң мааниге, өзгөчө статуска ээ болуп келе жатат. Белгилеп кетсек, “Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин 5 жылдан бери жыл жыйынтыгын чыгарып, ата мекендик өндүрүштүн мыктыларын аныктап, ишкерлерге моралдык колдоо көрсөтүп, дем берип келе жатат.
“Кыргыз биримдиги” коомдук бирикмесинин жетекчиси, белгилүү продюссер Дана Абдыбекова буга чейин улуттук баалуулуктарды даңазалаган «1000 ак элечек айымдар», “Кыргыздын сыймыктуу 40 кызы”, «40 казан сүмөлөк» жана «Бир тонна беш бармак» Гиннестин китебине киргизилген, улуттук долбоорлордун авторлошу.