Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24–25-май күндөрүндө Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Иш сапардын алкагында Сочи шаарында президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы байланыштарга өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушууда ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, анын ичинде россия вакциналарын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылууда.

Бул сапар үстүбүздөгү жылдын 10-майындагы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды өөрчүтүү максатында болмокчу.