Коом

Осмонов: COVID-19дан улам инфаркт менен ооругандар 60%га көбөйдү

Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов коронавируска байланыштуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйгөнүн айтты.

Тилекке каршы, жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандардын статистикасы өсүүдө. Учурда республикада өлүмгө кептеген илдеттердин ичинен жүрөк оорулары биринчи орунда турат. Бул тууралуу Дамир Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 50 жаштан жогорку адамдардын жарымы гипертония менен жабыркайт.

«Биз жакында изилдөө жүргүзүп, курч жүрөк инфарктынын саны коронавирус инфекциясына байланыштуу жогорулап жатканын аныктадык. Ошентип 2019, 2020 жана 2021-жылдардагы маалыматтарды салыштырып көрсөк, инфаркт менен жабыркагандар 60 пайызга көбөйгөн. Андан тышкары, перикардит — жүрөктүн чел кабыгынын сезгенүүсү да көп кездешүүдө. Менин 15 жылдык тажрыйбам боюнча салыштырып айтсам, 2020-жылдын ортосунан азыркы убакка чейин өсүү байкалды. Коронавирус жеңил же симптомсуз өткөн болсо дагы гипертония, жүрөктүн коронардык оорулары жана башка илдеттерге чалдыгуу коркунучу жогору болуп жатат. Демек, коронавирустан айыккандан кийин калыбына келүү курсунан өтүү, жеңил көнүгүүлөрдү жасап сергек жашоо образын кармануу жана туура тамактанууга өтүү өтө маанилүү», — деди Осмонов.

Кардиолог инфаркт жана башка жүрөк оорулары жашарып, бүгүнкү күндө 20 жаштагы бейтаптар да кездешип жатканын кошумчалады.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button