Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КР Эл артисти, белгилүү ырчы Саламат Садыкова жыйырма жыл мурун жаралган “Керемет Баткеним” аттуу ырына туулуп өскөн жери Баткенде клип тартып элге тартуулады.

Ал эми “Керемет Баткеним” аттуу ырдын сөзүн кызы Кундуз Абашева, обонун өзү жазган.

«Касиеттүү туулган жериме ыр десте, руханий таберигим болсун!
Обону мага таандык.
Сөзүн кызым Кундуз Абашева жазган.
Ойдогудай мыкты клипти тартып берген клипмейкер Эрнис Сыдыков иниме чоң рахмат айтам.
Клипти элге жайылтууга салым кошуп жаткан КТРКнын музканалына дагы терең ыраазычылык билдирем» — деп жазган ырчы Саламат Садыкова.

https://www.youtube.com/watch?v=LqitqwrD_t4