Башкы прокуратура айрым жогорку даражалуу жана башка кызмат адамдары «Кыргызалтындын» жетекчилиги менен биргеликте канадалык компаниялар менен мыйзамсыз байланыштарды түзүшкөнүн айтууда.

Анын кесепетинен Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген бир катар макулдашуулар түзүлүп, жаратылышка жана мамлекетке миллиардаган зыяндар келтирилип, өлкө коопсуздугуна коркунуч туулганын билдирди.