Centerra Gold Inc. компаниясынын айыптоосу жана бүтүмдөрү таң калыштуу, — «Кыргызалтын»
Centerra Gold Inc. компаниясынын 2021-жылдын 12-майындагы «алтын операцияларына» байланыштуу документтерди жана бүтүмдөрдү жасалмалоо боюнча айыптоосу табышмактуу. Бул тууралуу «Кыргызалтындын» басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, “Кыргызалтын” ААК бул күндөрү жана кийинки күндөрү да эч кандай каржылык операцияларды жүргүзгөн эмес, андан тышкары, жасалма төлөм документтери менен алектенбейт.
“Кыргызалтын” ААКсы ар дайым мыйзамга баш ийген, белгилүү аброюу бар жана ишкердик кадыр-баркка ээ болгон акционердик коом болуп саналат жана ал кадыр-баркын жогору баалайт», — деп билдиришти компаниядан.
2021-жылдын 17-майында Жогорку Кеңеш «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка убактылуу тышкы башкарууну киргизүү жөнүндө токтом кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү КГКнын убактылуу тышкы башкаруучусун дайындаган, ага байланыштуу «Кыргызалтын» ААКы 12-майда КГК алтыны менен эч кандай каржылык операцияларды жүргүзгөн эмес жана жүргүзө да алгак эмес.
«Centerra Gold Inc. Сиздерден Кумтөрдөгү кырдаалдын айланасында, «Кыргызалтын» ААКны негизсиз айыптоолордон алыс болууну өтүнөбүз », — деп жазылган компаниянын маалыматында.