Блогер блокКоом

«Исманали Жороев силерчилеп элди алдап, талап, тоногон жок»

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда шектүү аккаунттардан Лейлек районунан чыккан аттуу-баштуу адамдарды далилсиз, негизсиз каралаган бирөөлөр пайда болду. «Кулак укса курсак кайнайт» дейт кыргыз. Жалган жабышып калбаганы менен жагымсыз таасирлерди жаратышы мүмкүн. Биз бүгүн коомдук ишмер, ийгиликтүү ишкер Исманали Жороев тууралуу Жазгүл Баяналиеванын макаласын берип жатабыз. Аты-жөнү ачыкталбаган, тоголок кат жазып бирөөнүн аброюна, кадыр-баркына шек келтирген адамдарды таап, уяткарып, мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек. Макаланы өзгүртүүсүз беребиз:

«Өлкөнүн ичинде ынтымак орномоюнча ырашкерлик тууралуу кеп учугун козгобой эле койгон оң. Туулуп өскөн жерим Лейлегимде бүгүн билинбеген менен белдүүмүн дегендер, жаңыдан элдин жеңилин жерден оорун колдон алган агалар чыкканда, буттан тартмай башталды.  Кезинде тээ министрликтен  тартып, үлкөн кызматтарда туруп элдин мүлкүн тоноп, жарытылуу пайдасы тийбегендер бүгүн да үйрөнгөн адатын карматып, элдин көйгөйүн чечип, туулган жерине туу сайып, бакча, мектеп куруп, таза суу чыгарып, тез жардам унаасын сатып берип, Лейлек үчүн жан үрөп кызмат кылган Исманали Жороев агамды ур-тепкиге алып, фейктерин агытып, жалган жалаа жаап жатканы жанды гана кейитет да.

Лейлек дал ушул жерде башталат деп районун кире бериш жерине арка орнотуп, кыйналган үй-бүлөлөргө там салып берип, андан башка бир канча социалдык объектилерди куруп, элдин уулуна айланган адамга силердин канчалык каралап, тепкилегениңер суу кечпейт.

Дал ошол үлкөн кызматта туруп, Лейлек элин добушу керек болгондо гана эстеген “ардагер” ага, эжелер, Исманали Жороев силерчилеп элди алдап, талап тоной элек. Тескерисинче карапайым элдин арасынан чыгып, ачкалыкты токту көрүп элге кызмат кылып жатат. Үлпүлдөп кийинип, кооз сүйлөп, кызмат аркалап деле көрдүңөр колуңардан келбеди, жок дегенде пенсияңарды алып тынч отурсаңар жаштарга кезек берип. Болбосо силердин атыңарды ачыктап, фейкиңерге берген акчаңарга чейин ачыктап коюуга кудурет жетет.

Фейктер тууралуу, “жалаа жаап, жалган маалымат тараткандарга каршы мыйзамды” кабыл алуу бүгүнкү күндүн талабы болуп тургандай. Анткени, кызматтан кетсе да, кыялы кармап, уурту май жалагандар, иттерин агытып, ак кызмат кылгандарды каралаганын койбойт шекилдүү».

Жазгүл Баяналиева

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button