Коом

ДЦП менен ооруган баланы ур-токмокко алган дефектолог кызматынан бошотулду

Бишкектеги “Аутизм Победим KG” борборунда ДЦП (балдардын церебралдык параличи) менен ооруган баланы ур-токмокко алган 37 жаштагы дефектолог кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, окуяны Биринчи май райондук милициясы иликтөөдө.

“Жабыр тарткан бала 6 жашта жана Ош райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиясында каттоодо турат. Ал эми “Аутизм Победим KG” борборуна 27-апрелден тарта бара баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

“Аутизм Победим KG борборунун директору операция жасатуу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен. Аталган борбордун кардарларынын бардык документтери сейфте, анын ачкычы бир гана борбордун директорунда экендиги айтылат.

Эскерте кетсек, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексине 66-беренеси боюнча катталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button