Коом

Чоң-Алайда тажик аскерлери кыргыздарды жайлоого өткөрбөй, малдарын атып жатат

Чоң-Алайда тажик аскерлери кыргыздарды жайлоого өткөрбөй, малдарын атып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтымында, тажик аскерлери кыргыз жарандарын жайлоого өткөрбөй жатат.

«Мен буга чейин тажик аскерлери окопторду казып жатканын кабарлаган элем. Бирок жергиликтүү бийлик менин сөздөрүмдү четке какты. Азыр жергиликтүү тургундар жайытка чыгууга тыюу салынгандыгын, үйлөргө жана мал-жандыктарга ок атышат деп жатышат. Текшеришибиз керек ”, – деди эл өкүлү министрлер кабинетине кайрылып.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button